​Футбол талаасына асмандан акча жаады

​Футбол талаасына асмандан акча жаады
11-Сен. 2018, Шейшемби, 17:29

АКШда футболдук беттешүүдө тик учак менен эки чемодан доллар чачышты. Бул тууралуу батыштын ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка ылайык Американын "Лас-Вегас Лайтс" футболдук клубу өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 28 жылдыгына карата өзгөчө акция уюштурду. АКШ футбол лигасында экинчи орунда турган "Лас-Вегас Лайтс" командасы беттешүүнүн аягында футбол талаасына тик учак менен 5 000 доллар чачты.

Футбол талаасына чачылган 1 долларлыктарды алууга эки жүздөн ашык куйөрмандар чуркашты.

"Лас-Вегас Лайтс" футболдук клубунун жетекчиси Брэтт Лэшбрук “Элдер бизди оюн сыртында башкача ойлошот. Бирок биз футбол талаасында кынтыксыз,так футбол ойнойбуз. Анан бизкүйөрмандарды- алардын сүйүүсү үчүн сыйлап коелу деп чечтик”,- деп билдирген.

Күйөрмандар мындай акцияны кол чабуу менен кабыл алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!