​Атактуу мушкер президенттикке аттанат

​Атактуу мушкер президенттикке аттанат
12-Сен. 2018, Шаршемби, 10:57

Дүйнөнүн WBC, IBF жана WBO версиясы боюнча чемпиону, америкалык боксчу Оскар де ла Хойя 2020-жылы боло турган АКШнын президенттик шайлоосуна өз талапкерлигин коет. 45 жаштагы дүйнө чемпиону бул кадамга олуттуу даярдана баштагынын өзүнүн Твиттер баракчасына бөлүшкөн.

Анда мушкер “Мен профессионалдык бокска келгенден бери миллиондогон адамдар президенттикке талапкерлигимди коюуну суранып жатышат. Чындыгында, бул туурасында олуттуу ойлоно баштадым”,- деп айткан.

Де Ла Хойя 1992-жылы олимпиада чемпиону болгон. Ал эми профессионалдык рингде 45 мелдешти жеңген (алардын 30 нокаут). Болгону 6 жеңилүүсү бар. Спорт менен коштошкондон кийин промоутер ишмердүүлүгү менен алектенип келет. Анын кардарларынын арасында Сауль Альварес жана Юриоркис Гамбоа бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!