Зиданга үч клуб куда түшүүдө

Зиданга үч клуб куда түшүүдө
12-Сен. 2018, Шаршемби, 11:32

"Реал Мадрид” клубунун мурдагы машыктыруучусу Зинедин Зиданга Европанын үч футбол клубу кызыгууда. “El Mundo Deportivo” басылмасы тараткан маалыматка караганда 46 жаштагы тажрыйбалуу машыктыруучу менен туриндик “"Ювентус", "Манчестер Юнайтед" жана “ПСЖ” футбол клубдары жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ар бир клуб асмандаган акча сунуштап жаткандыгы айтылууда. Бирок, бул тууралуу Зидан азырынча үн ката элек.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2016-жылы 4-январда француз адиси “Реалдын” башкы машыктыруучусу аталган. Анын жетекчилиги астында команда үч жолу Чемпиондор лигасынын, эки жолу УЕФАнын Суперкубогун, бир канча жолу Испаниянын Суперкубогун жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!