​Испания хорваттардын күлүн көккө сапырды

​Испания хорваттардын күлүн көккө сапырды
12-Сен. 2018, Шаршемби, 13:30

Испания курама командасы кечээ “Мануэль Мартинес Валеро” (Эльче, Испания) стадионунда Улуттар Лигасы беттешүүлөрүндө Хорватия командасын 6:0 эсебинде жеңип, таш-талканын чыгарды. Орусияда өткөн чемпионаттан кийин атагы таш жарып жаткан Хорватия курама командасы тарыхтагы эң катуу утулушка туш болду.

Испания курама командасы тыныгууга чейин эле 3 гол киргизген. Экинчи бөлүктө, 70 мүнөттө дагы 3 гол менен жыйынтыкташты.

Эсиңиздерге сала кетсек, Хорватия курама командасы эки ай мурун дүйнө чемпионаттында финалга чыккан. Ал эми Испания курамы 1/8 финалында жеңилип,чемпионаттан чыгып калышкан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!