​Хабибдин атасы уулунун мелдешине катышпайт

​Хабибдин атасы уулунун мелдешине катышпайт
12-Сен. 2018, Шаршемби, 14:24

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманапка АКШга, уулунун мелдешине барууга виза бербей коюшту. Машыктыруучу Абдуманап Нурмагомедовдун АКШга виза мөөнөтү аяктагына байланыштуу узартуудан баш тарткандыгын ТАСС жазып чыкты.

Маалыматка ылайык Хабибдин атасы “Менин визамды узартпай коюшту. Визам жок”,- деп билдирген.

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов мурдагы ирландиялык чемпион Конор Макгрегор менен 6-октябрда Лас-Вегас шаарында мелдешке чыгат.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 26 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Ал эми Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттештин 21ин жеңип, үчөөндө жеңилген. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган жалгыз мушкер болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!