​Месси “Барселона” капитаны болгондон кийин өзгөрдү

​Месси “Барселона” капитаны болгондон кийин өзгөрдү
18-Сен. 2018, Шейшемби, 15:29

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси капитан болгондон кийин өзгөрдү. Бул тууралуу “Барселона” футбол клубунун президенти Хосеп Мария Бартомеуайткандыгын батыштын ЖМК жазып чыкты. Маалыматка ылайык форвард футболчунун жоопкерчилиги жаңы жеңиштерди алып келээрин белгилеген.

Хосеп Мария Бартомеу “Месси бул жерде абдан бактылуу. Ал “Барселона” менен жаңы жеңиштер багынтууга дем бере баштады. Месси капитан болгондон кийин жоопкерчилиги адбан күчөдү жана жаңы күч менен сезондо баштадык” деди

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси 2016-17-жылдар ичинде 37 гол киргизип, алдыга чыккан. Эки жыл удаасы менен "Барселона" чабуулчусу эң алдыңкы жыйынтыктарга жетишип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!