Килиана Мбаппенин көңүлү кимде?

Килиана Мбаппенин көңүлү кимде?
19-Сен. 2018, Шаршемби, 13:35

Франциянын улуттук командасынын жана “Пари Сен-Жермен” клубунун футболчусу Килиана Мбаппе ашыктык романынан чыга албай жатат. Бул тууралуу батыштын ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка ылайык француз футболчусу, түбү африкалык болгон 20 жаштагы модель жана “Сулуулар ханышасы” наамынын ээси Алисия Эйлис менен май айынан бери роман ичинде жүрөт.

Атактуу футболчунун ашыгы “Франция сулуусу – 2017” конкурсунун жеңүүчүсү спортту жакшы көрөт. Ал йога менен машыгып, кээде тенниске да барат.

Килиан менен Алисия таанышканына аз убакыт болгондугуна карабай мамилелерин жашырып келишет. Бирок, модель Франциянын башкы стадионунда байма-бай каттап турат. Мындан тышкары ал сүйүктүүсүн колдоо максаттында Орусияда өткөн дүйнө чемпионаттына барып,футболчуну колдоп турган. Учурда Алисия Парижде жашайт жана моделдик карьерасын өнүктүрүп жатат.Ар кандай жарнама жана саркеч жарманкелерге катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!