​Бириңерден бириң эр, “Жылдын футболчусу” болчу кимиңер?

​Бириңерден бириң эр, “Жылдын футболчусу” болчу кимиңер?
22-Сен. 2018, Ишемби, 12:25

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) “Жылдын оюнчусун” 24-сентябрда Лондон шаарында “The Best” салтанатында атайт Ага атактуу үч талапкер көрсөтүлгөн: “Ливерпулдун” жарым коргоочусу - Мохаммед Салах, “Реалдын” хорватиялык футболчусу Лука Модрич жана “Ювентустун” португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду.

Ал эми 12 жылдан бери бул сыйлыкка биринчи жолу аргентиналык атактуу футболчу Лионель Месси кирбей калды.

Жеңүүчү 24-сентябрда Лондон шаарында “The Best” салтанатында ачыкталат. Добуш берүүгө машыктыруучулар,бардык курама командалардын капитандары жана журналисттер менен күйөрмандар да катышат. Жалпы төрт топтун тең добуштарынын тең 25 пайыз үлүшү бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!