Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди

Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди
24-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 12:17

Британдык оор салмактагы мушкер Энтони Джошуа орусиялык боксчу Александра Поветкинди жетинчи раундда нокаут менен жеңди. Мелдеш лондондун «Уэмбли» стадионунда өттү.

Адегенде Джошуа Паветкинди оор нокдаун менен жыккан бирок орусиялык мушкер ордунан турап кеткен. Кийинки соккуда британдык мушкер нокаут менен жеңип алды.

Ошентип, Джошуа Дүйнөлүк бокс ассоциациясы (WBA Super) жана Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) версиялары боюнча Дүйнө чемпиону наамын сактап калды. Ал спорт карьерасында 22 мелдешке катышып, 21де нокаут менен жеңген.

Ал эми Паветкин болсо 2 жолу жеңилген. Жалпысынан 34 жеңишке жетишкен. Анын 24 нокут менен жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!