​Дүйнөнүн эң көп киреше тапкан футболчулары

​Дүйнөнүн эң көп киреше тапкан футболчулары
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 10:22

Месси жылына 40 миллион евро, Криштиану Роналду 31 миллион евро алат.Бул тууралуу Италиянын белдүү “beIN Sports” басылмасы жазып чыккан. Маалыматка ылайык мындай рейтингди басылманын репортеру Танкреди Палмери өзүнүн Твиттер баракчасына жарыялады. Бул тизме боюнча аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси жылына 40 миллион евро, ал эми португалиялык футболчу, “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду 31 миллион евро алат.Үчүнчү орунда “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Неймар 30 миллион евро алат.

Алдыңкы ондукка төмөнкү футболчулар кирген:

1. Лионель Месси ("Барселона") – 40 миллион евро

2. Криштиану Роналду ("Ювентус") – 31 млн

3. Неймар ("ПСЖ") – 30 млн

4. Андрес Иньеста ("Виссел Кобе") – 25 млн

5. Оскар ("Шанхай Теллэйс") – 24 млн

6. Алексис Санчес ("Манчестер Юнайтед") – 22,5 млн

7. Антуан Гризманн ("Атлетико") – 20 млн

8. Халк ("Шанхай Теллэйс") – 20 млн

9. Хавьер Маскерано ("Хэбэй Чайна Форчун") – 19 млн

10. Габи ("Аль-Садд") – 19 млн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!