​“ПСЖ” Чемпиондор лигасынан чыгышы мүмкүн

​“ПСЖ” Чемпиондор лигасынан чыгышы мүмкүн
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 13:57

Франциянын учурдагы футбол боюнча чемпиону "Пари Сен-Жермен" клубу Чемпиондор лигасынан чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу L'Equipe басылмасы жазууда. Маалыматка ылайык алар фэйр-плей каржы эрежесин бир канча ирет бузулгандыгы үчүн жаза алышат. Мурда иликтөө жүргүзгөн Football Leaks сайты Париж клубунун демөөрчүлүк келишимдерин жогору көрсөткөндүгүн далилдеп берген. Ошондон кийин УЕФА Кильяна Мбаппежана Неймардын трансфер келишимдерин текшере баштаган.

Эгерде"ПСЖ" клубунун каржы чайкоочулугу аныкталса, анда клуб Чемпиондор лигасынан чыгарылат же эки жылдыз футболчуларынын бирөө менен коштошот.

"ПСЖ" футбол клубу Чемпиондор лигасынын С тобунда 3-орунда турат. Алар акыркы 4 оюнда 5 упай топтой алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!