​Күйөрмандар “Ливерпуль” футболчусун ыйлатышты

​Күйөрмандар “Ливерпуль” футболчусун ыйлатышты
20-Ноя. 2018, Шейшемби, 13:16

Сенегал күйөрмандары ышкырык,ызы-чуулары менен өздөрүнүн жарым коргоочусун футбол талаасынын ыйлатып чыгарышты.” Ливерпуль” клубунун жарым коргоочусу жана Сенегал курама командасынын футболчусу Садио Мане африкалык улуттарынын Кубогу мелдеши алкагында Гвинея менен болгон беттешүүдө футбол талаасынан ыйлап чыкты.

Ал болгону ыңгайлуу учур келгенде гол тебе албай калган. Буга жинденген күйөрмандар ышкырып-кыйкырып футболчунун ыйлаганга жеткиришти. Катуу ызыланган футболчу ыйлаган бойдон футбол талласынан чыгып кетти.

Ал эми беттешүүдө Сенегал автогол аркылуу 52 мүнөттө жеңишке жетишкен.

Эсиңиздерге сала кетсек, таланттуу футболчу Садио Мане жалпысынан 57 мелдешке катышып, 15 гол киргизген. Алардын бирөө Орусиядө өткөн дүйнө чемпионатында Жапондордун дарбазасына гол тепкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!