​“Пакьяо – Бронер” мелдеши 19-январда болот

​“Пакьяо – Бронер” мелдеши 19-январда болот
20-Ноя. 2018, Шейшемби, 14:11

Филиппиндик боксчу, сегиз салмак боюнча дүйнө чемпиону Мэнни Пакьяо (60-7-2, 39 КО) менен америкалык мушкер Эдриен Бронер(33-3-1, 24 КО) 19-январда рингге чыгат. Бул тууралуу спортчулар Нью-Йорк шаарында басма сөз жыйынында расмий түрдө билдирди. Мындан тышкары эки мушкер журналистердин суроолоруна жооп беришти.

39 жаштагы Пакьяо бокс тарыхында сегиз салмак боюнча дүйнө чемпиону саналган жалгыз спортчу, ал эми 29 жаштагы Эдриен Бронер төрт дивизиондо чемпиондук наамга татыган.

Эсиңиздерге сала кетсек Мэнни Пакьяо профессионалдык рингде 59 жеңиш болсо, анын ичинде 7 жолу жеңилген. Учурда мушкер эки тизгин бир чылбырды бирге алып келүүдө. Ал Филиппин 2016-жылдан бери Филиппин парламентинин жогорку палатасынын сенатору жана муну менен бирге профессионалдык ринге чыгууну улантып келатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!