​Азия Кубогу: Бүгүн “Ак шумкарлар” Бириккен Араб Эмирлиги курамы менен беттешет

​Азия Кубогу: Бүгүн “Ак шумкарлар” Бириккен Араб Эмирлиги курамы менен беттешет
21-Янв. 2019, Дүйшөмбү, 11:13

Бириккен Араб Эмирликтеринде өтүп жаткан Азия кубогунун 1/8 финалына чыккан командалардын беттеши алкагында бүгүн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин футболчулары менен беттешет. Таймаш Абу-Даби шаарындагы "Шейх Зайед" стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 23:00дө башталат.

Кечээки 1/8 финал оюндарында Вьетнам курамы алгачкылардан болуп чейрек финалга чыкты. Андан кийин Иран, Кытай кийинки бөлүккө өттү.

“Ак шумкарлар” тайпалык беттеште Кытай жана Түштүк Корея командаларынан утулуп, филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен утуп алган. Плей-оффко улуттук команда тайпадагы үчүнчү орундан чыккан.

Эсиңиздерге сала кетсек, Азия кубогу Бириккен Араб Эмирликтеринде 2019-жылы 5-январдан тартып 1-февраль аралыгына чейин өтөт. Азия кубогунун 24 командасынын оюндары 8 стадиондо болот. Финалдык оюн "Zayed Sports City" стадионунда 1-февралда жыйынтыкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!