​Нурмагомедов чакырык таштаган Сен-Пьер спорттук карьерасын аяктады

​Нурмагомедов чакырык таштаган Сен-Пьер спорттук карьерасын аяктады
22-Фев. 2019, Жума, 14:05

UFCнын оор жана жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Жорж Сен-Пьер спорттук карьерасын аяктады. Бул тууралуу "РИА Новости" жазып чыкты.

Маалыматка ылайык канадалык мушкер бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында расмий жар салды. Кечээ күнү 37 жаштагы атактуу мушкерди Хабиб Нурмагомедов 2019-жылдын ноябрь айында мелдешке чыгууга чакырык таштаган эле. Эми бул мелдеш туңгуюкка такалып калды.

Жорж Сен-Пьер “ Спорттук карьераны ташташ үчүн абдан көп тарбия жана эрк керек. Бул көп убакытты талап кылат. Муну бир канча адам эле, өз убактысында айтканы боюнча жасай алышкан. Мен азыр ММАдан кеткеними жана спорттук карьерамды аяктап жатканымы айтып кетейин” деп билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, UFCныноор жана жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Сен-Пьер 28 мелдешке чыгып, 26сын утуп алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!