Алыш боюнча аялдар арасында таймаш өтөт

Алыш боюнча аялдар арасында таймаш өтөт
6-Июнь 2017, Шейшемби

Ош шаарында алыш күрөшү боюнча аялдардын арасында Гран-при сериясында эл аралык таймаш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Курманжан Датканын элесине арналган таймаш 27-29-июнь күндөрүнүн аралыгында өтмөкчү. Таймашта айымдар 6 категорияда күч сынашат. 55 кг, 60 кг, 65 кг,70 кг,75 кг жана 75 кг дан жогору. Аталган мелдешке катышууга чет өлкөлүк спорттун чеберлери да чакыруу алган.

«Таймашты жогорку деңгээлде өткөрүүгө 1 миллион 21 миң сом бөлүнүп берилген»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!