Мэр футболисттерге сыйлык тапшырды

Мэр футболисттерге сыйлык тапшырды
23-Июнь 2017, Жума

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов байгелүү орундарга ээ болгон футболчуларды жана «Алга» баскетбол курама командасынын оюнчуларын кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мэр спортчулар менен жолугушууда аларга ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

Жолугушуунун соңунда мэр спортчуларга сыйлыктарды тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!