​Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпиондугу өтөт

​Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпиондугу өтөт
25-Июль 2017, Шейшемби

Ушул жылдын 20-28-август күндөрү Казакстандын баш калаасы Асанада көк-бөрү боюнча дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу «ЭКСПО-2017» расмий сайты жазып чыкты.

Мында Кыргызстандын башкы атаандашы болгон казакстандык көк-бөрүчүлөрдүн ортосунда мелдеш болмокчу.

Дүйнөдө алгачкы жолу аталган спорттун түрү боюнча мелдеш «ЭКСПО-2017» эл аралык көргөзмөсүнө карата өтмөкчү. Ага дүйнөнүн 15 мамлекетинен 150дөн ашуун көк бөрүчүлөр улак тартышмакчы.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиргендей, Кыргызстандан аталган мелдешке 12 спортчу катышмакчы.

Буга чейин кыргызстандык көк-бөрүчүлөр 2013-жылы Азия чемпионунда Казакстан менен беттешкен. Мындан калыстардын үй ээсине тартып койгондугуна байланыштуу чемпиондукту Казакстан алган. Ал эми 2014-2016-жылдарында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык оюнчулар эки жолу казакстандык команданы жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!