​Балбандар Түркиядагы мелдешке катышат

​Балбандар Түркиядагы мелдешке катышат
19-Окт. 2017, Бейшемби, 14:22

Кыргызстандык балбандар 20-22-октябрда Түркияда өтө турган күрөш боюнча жаштар арасындагы мелдешке катышат. Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдешке Кыргызстандан 8 спортчу жана 3 машыктыруучу Фархад Ушуров, Кубат Ахметов жана Анарбек Усенканов барат.

Кыргызстандын курама командасы:

Грек-рим күрөшү

55 кг чейин - Абдыкерим уулу Куттубек
66 кг - Ибрагимов Халмурат
74 кг - Талантбеков Акылбек жана Махмудов Акжол

Башкы машыктыруучу — Фархад Ушуров

машыктыруучу — Кубат Ахметов

Эркин күрөш

66 кг - Мамалиев Атай жана Азизбаев Кубат
74 кг - Орузбаев Таалай
96 кг - Нурдавлетов Кунай

Машыктыруучу — Усенканов Анарбек

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!