Териге зыян беш адат

Териге зыян беш адат
14-Апр. 2018, Ишемби, 15:19

Бет терисин жакшылап күтсөңүз да, ал теринин саламатта болуусуна кепилдик боло албайт. Себеби эң жакшы күтүүнүн өзүн чийип таштаган бир нече терс адат бар.

Терини уктаар алдында толугу менен тазалабоо

Уйку да туура тамактануу сыяктуу өтө маанилүү фактор болуп саналат. Түнкүсүн клеткалар калыбына келет жана жыңырат. Бирок бул процесс тери толугу менен тазаланган кезде гана ишке ашат. Кээде чарчап келгенде макияжды сүртпөй, уктап калууңуз мүмкүн. Бирок кир, майлуу тери жана сүртүлбөгөн косметика тешиктерди бүтөп, безеткинин пайда болуусуну жана теринин кургак болуусуна алып келет.

Тамеки тартуу

Никотин териге кан айлануусун азайтып, андан улам кычкылтек менен пайдалуу заттарды толтура албай калат. Ал эми тамекинин курамындагы уулуу заттар коллаген менен эластин белоктору зыян тартып, натыйжасында тери ийкемдүүлүгүн жоготот. Тамекинин кесепетинен жара жай айыгат. Операциядан кийин тамеки тарткан адамдардын ичиндеги тырыгы орточо эсеп менен 7 мм болсо, тамеки тартпаган адамдардын тырыгы 3 мм болот экен.

Күндөн коргоочу каражаттарын күнүнө бир жолу гана колдонуу

“SPF”-кремдердин таасири эки сааттан ашпайт, ал эми күн терини мүнөт сайын картайтып турат. Күндөн коргоочу каражатты аябай колдонуңуз. “SPF 30” кремин көбүрөөк колдонууга аракет кылыңыз. Эгер макияжды бузуп алам десеңиз, күндөн коргого таасири бар тоналдык крем же упа колдонуңуз.

Таттууну жакшы көрсөңүз

Изилдөөлөр боюнча, канттын көп болушу терини картайтат экен. Жаңы бышкан демиштер менен мөмөлөр тескерисинче терини коргойт.

Безеткини туура дарылабоо

Безеткини сыгып салуу аркылуу тырык калып калуусу же жугуштуу оору жуктуруп алууңуз мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!