Беттеги тырыкты кантип кетирсе болот?

Беттеги тырыкты кантип кетирсе болот?
7-Май 2018, Дүйшөмбү, 12:34

Кээ бир жаракат орду жазылбай тырык болуп калат эмеспи, ошого байланыштуу өмүр бою кетпей калган тырыкты кетирүүнүн бир нече жолу бар экенин айта кетсек.

Азыркы күндө косметологдор лазер, пилинг, дермабразия, криотерапия (кою азот менен айыктыруу) жолдору менен тырыкты кетирүүнүн түрдүү ыкмаларын жасап келишет. Бирок сиз үй шартында тырыкты кетире аласыз. Анын бири суу балырлары менен айыктыруу ыкмасы. Балырдын териге сүйкөгөн кезде ал тез сиңип, кан айланууну жакшыртат. Эгер балыр менен дарыласаңыз жарым жылдан кийин натыйжасын көрө аласыз.

Андан сырткары, коондун данеги менен дарылоого болот. Абдан жакшы бышкан коондун 20 данегин майдалап тура, 2 жумуртканын туралган кабыгын кошосуз. Ага 5 мл зайтун майын тамызасыз. Аралашманы тырыкка сүйкөп, марли менен ороп коёсуз. Муну 20 күн жасаңыз. Бир жумадан кийин кайра кайталаңыз.

Тырыкты жоюнун дагы бир жолу – мускат жаңгагы менен кетирүү ыкмасы. Аны бал менен аралаштырып сүйкөйсүз. Кийин жууп таштайсыз. Муну анда-санда 1-2 жыл кайталоо керек. Эгер териңиз кургап, терс таасир берсе, балдын ордуна сүт кошуңуз. Бал менен сүттүн өлчөмү 1/4 көлөмдө болуш керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!