Күндөн коргоочу кремди тандоодогу 4 катачылык

Күндөн коргоочу кремди тандоодогу 4 катачылык
18-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 10:07

Жай мезгили эми келди, ошондуктан күндөн коргоочу крем сатып алуу дагы кеч эмес. Аларды туура тандоо тууралуу сөз кылмакчыбыз. Күндөн коргоочу кремди тандоодо кетирген 4 катачылык:

1. Адатта күндөн коргоочу кремдерди тандоодо биз коробкасындагы сандарга маани беребиз. Бирок, “SPF”ти гана эмес, ультрафиолет нурлардан да коргой тургандыгына көңүл бургандыгыңыз оң. Алардын “UVA”, “UVB” жана “UVC” деген үч түрү болот.

1.Бизде эң "күчтүүсү" жакшы коргогонуу деген түшүнүк калыпташкан. Мисалы "+50" болсо, демек жакшы таасир берет деп ойлойбуз. Негизинде бул ката болуп саналат, ошондуктан жакшылап тандоо керек. Күндөн коргоочу факторлор үчкө бөлүнөт. 10-15 – базалык, 15-25 – орточо жана 30-50 – жогору.

3. Бардыгы үчүн бир гана жыпар жыт пайдалануу туура эмес. Териңиз ар түрдүү болгондуктан өзүңүзгө, балдарыңызга атайы кремдерди сатып алуу керек.

4. Болгону көрүнгөн жерлерге крем сүйкөгөн ката болуп саналат. Кийим бизди күндөн коргой албайт. Ошондуктан денеңиздин бардык бөлүгүнө крем сүйкөңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!