Кирпикти кастор майынын жардамы менен кандай өстүрөт?

Кирпикти кастор майынын жардамы менен кандай өстүрөт?
3-Июль 2018, Шейшемби, 11:56

Кастор майы – пайдалуу жана чачты аман сактоонун эң жөнөкөй жолу. Аны болгону чачка гана эмес, каш, кирпикке да пайдаланууга болоорун билет чыгаарсыз. Кастор майынын таасири көзгө көрүнгүдөй болуш үчүн туура колдонуу маанилүү. Ошол себептен бүгүн биз сиздерге каш менен кирпикке кандай пайдалануу керек экенин айтабыз.

Кастор майын кирпикке кандай колдонуу керек?

Алгач майдын көзгө тамып кетүүсүнөн сактануу керек. Анткени, ачыштырып, аллергия кылып жибериши мүмкүн. Ошондуктан кирпикке кастор майын колуңуз же кебез менен сүйкөсө болбойт. Туурасы - көзгө арналган сүргүч шеткасы;

- Сүргүч шетка менен кирпикке тушь сүйкөгөндөй сүйкөш керек;

- Ашыкча сүйкөлгөн майларды атайы косметикалык кебез менен сүртүп алыңыз;

- Эртең мененкисин кирпикти жылуу суу менен жуш керек.

Бул ыкманы жумасына 3 жолу колдонсоңуз натыйжасы көп өтпөй байкалат.

Кашты кастор майынын жардамы менен кантип өстүрөт?

Биз жогоруда айткандай кастор майы каштын кооз жана узун болушуна жардам берет. Анын натыйжасын көргүңүз келсе, төмөндөгү кеңеш боюнча колдонуп көрүңүз.

- Биринчи кашты жана анын тегерегин тазалап алыңыз. Ал үчүн балдарга арналган шампунь болсо жакшы.

- Кастор майын жука кылып кашка кебездин жардамы менен сүйкөйсүз. Бирок эки кашыңызга эки бөлөк кебез пайдаланыңыз.

- Эртең менен уктап турганда биринчи жылуу суу менен артынан муздак суу менен жууганды унутпаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!