Кургак бетти жайында кандай күтүш керек?

Кургак бетти жайында кандай күтүш керек?
5-Июль 2018, Бейшемби, 13:31

Териге нымдын жетишпестигинен тез кургап, түлөп баштайт. Бул адатта жайында көз кездешүүчү көйгөй. Териңиз майлуу же аралаш болсо, жай мезгилинде кургап, бузудлушу мүмкүн. Аны кантип айыктырабыз?

Цитрус маскасы

Апельсин же грейпфруттун ширесин сыгып алып, 2 чай кашык табигый бал менен аралаштырыңыз. Аралашманы таза бетке сүйкөш керек. Масканы 7-9 мүнөт кармайсыз. Бул аралашма терини жакшы нымдаштырып, ал эми курамындагы кычкылдар бетти агартат.

Катуу кургапган бетке арнаган маска 1 чай кашык табигый балды 1 чай кашык кургак сүт менен аралаштырыңыз. Масканы жылуу, кайнаган суу менен каймак сыяктуу болгончо аралаштыруу керек. Бетке сүйкөп, 13-18 мүнөттөн кийин жууп таштаңыз.

Эгер бетиңиздин тиби майлуу болсо, 2 чай кашык өсүмдүк майы менен 1 чай кашыку қасық горчицаны суу менен (кичине гана) аралаштырыңыз. Кошулманы бетке сүйкөп, 4-7 мүнөттөн кийин чайкап салыңыз. Бул процедураны жумасына эки жолу жасап туруш керек.

Лосьон

Жүзүмдү эзип, ширесин сыгып алыңыз. Бир нече сааттан соң бөлөк идишке сүзүп алыңыз. 400 мл жүзүм ширесин, 1 чай кашык туз менен 2 аш кашык табигый балды аралаштырыңыз. Бул аралашманы дагы сүзүп алып, 1 стакан спирт кошуңуз. Бетти суулап жиберип, лосьон сүйкөп коюңуз. 2-2,5 сааттан кийин жылуу суу менен жууңуз. Бул лосьонду бетке гана эмес, баардык денеге сүйкөсө болот. Ашып калган аралашманы муздаткычка сактап коюңуз. Сакталуу убактысы 1 ай.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!