Чачты дарылаңыз

Чачты дарылаңыз
17-Июль 2018, Шейшемби, 15:02

Чачтын абалын ойлогон кезде ар бир жан ага күтүм керек экенин түшүнөт. Соо чач гана калың, узун, кооз да болот. Демек, анда ойдогу чач үлгүсүн жасаса да мүмкүн. Төмөндөгү масканы колдонуп, чачыңызды дарылаңыз.

Бул маскаларга керектүүлөрдүн баардыгын ашканадан таба аласыз. Ошондуктан убакыт таап, жумасына 1-2 жолу жасап турсаңыз, чачыңызга пайдасы көп.

1. Чачтын өсүүсүн арттырган маска: 2 банан;

1 жумуртканын сарысы;

1 чай кашык лимон ширеси кажет.

Булардын бардыгын бирдей коюу болгончо жакшылап аралаштырып, чачка сүйкөңүз.
Башыңызга полиэтилен баштык кийип, сыртынан жылуулап ороңуз. Жарым сааттан кийин жөнөкөй шампунь менен башыңызды жууңуз.

2. Чачты айыктырууга арналган маска: 1 стакан апельсин ширеси;

1 стакан айран.
Бул экөөнү жакшылап аралаштырып, чачка сүйкөп, башыңызды жылуулап ороңуз.
Масканы жарым саат кармаган жетиштүү. Андан кийин жууп таштаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!