Жашартуучу күрүч маскасы

Жашартуучу күрүч маскасы
12-Апр. 2017, Шаршемби

Япондук аялдар күрүчтү косметикалык каражат катары кылымдар бою колдонуп келишет. Күрүч - коллаген өндүрүүгө багытталган линол кычкылынын булагы. Ал териде бырыштын пайда болушунан жана күндүн терс таасиринен коргойт. Ошону менен бирге, күрүч Е витамини менен гамма-орзинолго да бай. Ошондуктан жүрөктүн оорушун алдын алып, кандагы холестериндин деңгээлин азайтат.

Күрүчтүн жаштыкты узартууга таасири чоң. Бүгүнкү кошулмада бет терисинин түсүн жакшыртып, бырыштарды кетирген күрүчтөн жасалчу маска даярдоонун жолун үйрөтмөкчүбүз.

Даярдоо жолу:

Күрүчтү кайнатып, сүзгүчтөн сүзүп алабыз. Андан аккан сууну сактап коёсуз. Сүзүп алынган күрүчкө жылуу сүт жана жылуу бал куясыз. Баардыгын жакшылап аралаштыруу менен маска даяр болот. Масканы кургак жана таза териге сүйкөп чыгасыз. Маска толугу менен сиңгенче бетте кармап турасыз. Андан соң күрүчтү даярдаган суу менен бетиңизди чайкап жууйсуз.

Күрүчтүн суусу антиоксидант касиетине ээ. Ал терини нымдаштырып, кан айлануусун жакшыртат. Бул суу теридеги тактарды кетирүүгө жардам берет. Жакшы натыйжага жетүү үчүн, күрүчтөн жасалган масканы жумасына бир жолу жасап туруу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!