Аялдар чачты көтөргөн кезде жасаган негизги катачылык

Аялдар чачты көтөргөн кезде жасаган негизги катачылык
11-Ноя. 2018, Жекшемби, 14:46

Сиднейдеги “Raw” сулуулук салонунун негиздөөчүсү стилист Энтони Нейдер чачты көтөрүп, сулуулаган кезде аялдар жасаган негизги катачылыктарды атады.

Стилист кооз чачтын сыры аларга колдонулуучу каражаттын көлөмүндө эмес, башты жуугандан кийин чачты туура кургатууда дейт.

«Кургаткан кезде фенде концентратор калтырган оң. Ал аба агымын чачтын узундугу боюнча туура таратат жана анын аркасында чач тегиз жана жылтырап турат», – деп түшүндүрдү Нейдер.

Аялдардын эң көп жасаган катачылыктарынын бири – башты жуугандан кийин чачты дароо кургатуусу.

Стилист чачты фен менен кургатардан мурда, чачты сүлгү менен сүртүп кургатып алууга кеңеш берет.

Ошону менен бирге, сулуулук каражаттарын чамадан сырткары колдонуу да чачка зыян.

«Чамадан сырткары каражат колдонуу кургатууну кыйындатат. Алар чачтын түбүн майлап жана көлөмүн жоготот», – дейт стилист.

Нейдер ошондой эле, чачты бир нече бөлүккө бөлүп, ар бирин өз-өзүнчө кургатууга кеңеш берет. Мындан сырткары, ал фенди эң кубаттуу режимге коюп колдонууга болбойт деп эскертти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!