Беттеги кара тактар үчүн маска

Беттеги кара тактар үчүн маска
17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Беттеги кара тактарды тез арада кетирүүгө жардам берчү маска жасоону сунуштайбыз. Ал үчүн сиз жарым лимон аласыз да, 1-2 тамчы бал тамызып, бетиңизге сүйкөйсүз. Өзгөчө мурун, ээктин алды, чеке тараптарга жакшылап сүртүп чыгыңыз.

Сүйкөп бүткөндөн кийин лимондук кара тактар көп болгон жерлерге кармап турасыз. 5 мүнөт өткөндөн кийин жылымык суу менен жакшылап жууп таштайсыз. Сиз ошол замат натыйжасын байкай баштайсыз. Ошону менен бирге лимон пигмент тактарын агартууга да жардам берип, ошону менен бирге бет терини жумшартат. Сиз сулуу болууга татыктуусуз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!