Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар

Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
19-Ноя. 2018, Дүйшөмбү, 15:03

Көздүн тегерегиндеги мимикалык бырыштар эрте пайда болот. Жаштайынан көздүн тегерегиндеги териге кам көрүп, бырыштарды алдын ала билиш керек. Колго жасалган маскалардын бир өзгөчөлүгү, курамына кошулган ингредиенттердин сапатына ишенимдүү болосуз. Сиздерге бир нече пайдалуу масканы мисал кыла кетсек:

Петрушка маскасы

1 кичинекей петуршкан майдалап, 1 аш кашык каймак менен аралаштырасыз. Даяр болгон масканы кюөздү тегерегине сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп таштайсыз. Петрушка маскасы терини азыктандырып, майда бырыштарды жазат.

Жүзүм маскасы

Бир нече жүзүмдү эзип, суусун кебезге малып көзгөч сүйкөйсүз. 20 мүнөттөн кийин жууп саласыз. Же болбосо түндө сүйкөп таң атканда жууп таштайсыз. Ушундайча, териге табигый баалуу заттар сиңет, ал эми бул бырыштын пайда болушун алдын алат.

Балдан жасалган маска

1 чай кашык балды жумуртканын сарысы менен аралаштырып, бир нече тамчы зайтун майын кошуңуз. Алынган кошулманы көзүңүздүн айланасына сүйкөйсүз. 30 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жуп таштаңыз.

Пайдалуу чөптөрдөн жасалган тунма

1 чай кашык кургантылган липа, ромашка, кызыл жана көк трагус чөптөрүн аралаштырып, 3 стакан ысык ску куюңуз. Жарым сааттан кийин көздүн айланасына арналган компресс жасайсыз. Муну күндө жатарда жасоого болот. Бул көздүн шишигенин басып, азыктандырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!