Картайтуучу 5 азык

Картайтуучу 5 азык
26-Ноя. 2018, Дүйшөмбү, 12:00

Бул азыктар ден-соолукка зыян болгону менен бирге жаштыгыңыз менен сулуулугуңузду уурдайт. Дароо баш тартыңыз же көп колдонбогонго аракет кылыңыз.

Кант

Организмдеги канттын көптүгү химиялык реакцияны пайда кылат. Стресске болгон чыдамдуулукту азайтат, картаюну тездетет. Эгер сизди ар дайым таттууга тартып турса, хром, марганец, магнийи бар тамактарды (өсүмдүктөр, ашкабак) жеңиз. Организмдеги бир минералдын жетишпестигинен улам сиз таттуу жегиңиз келип турат.

Кофе

Тез сергитүүчү жыпар жыттуу суусундук кофе зыяндуу азыктардын катарында. Ал теринин кургашына алып келип, бырыштын эрте чыгуусуна себепкер. Эгер, андан баш тарта албасаңыз, аз-аздан ичкенге аракет кылыңыз. Организмдеги балансты бузуп албаш үчүн кофени ар бир ичкенден кийин 3 стакан суу ичип туруңуз.

Спирт ичимдиктери

Эң зыяндуу ичимдиктердин катарында алкоголь. Бырыш, теринин кургашы, бет терисинин картаюусу жана башкалардын баары ичимдиктин кесиринен. Биздин организмибиз ичимдикти уу катары кабыл алат жана андан тез кутулууга тырышат. Спирт ичимдиктер ден-соолукка терс таасир берип гана койбой, С, Е сыяктуу терини сактап турган витаминдерди да жок кылат.

Туз

Организмге туз керек, бирок күнүнө 1,5 грамдан көп эмес. Тузду өлчөмүнөн ашык колдоно берип, организмде суунун азаюсуна терс таасир берет. Ошондуктан, көздүн алды шишип, катмар болуп калат. Анын ордуна башка татымалдарды пайдаланыңыз, ал эми салатты лимон ширеси менен да даярдасаңыз болот.

Грилде бышкан тамак-аш

Лондондун окумуштууларынын айтуусу боюнча, гриль тамак теринин тез картаюсуна алып келет. Грилде даярдалган тамакта зыяндуу молекулалар пайда болот. Анын зыяндуулугу куурулуп жаткандагыдай болот экен. Ошондуктан, эгер организмиңизге зыян тийбесин десеңиз, рационуңузга бууга бышкан, кайнатылган тамак-аштар болсун. Алардын ден-соолукка пайдасы мол.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!