Чач боёктон улам кыздын бет түзүлүшү өзгөрүп кеткен (видео)

Чач боёктон улам кыздын бет түзүлүшү өзгөрүп кеткен (видео)
29-Ноя. 2018, Бейшемби, 11:25

Фрациялык студет кыздын башы чач боёкко болгон аллергиядан улам өзгөрүлүп калган. “Le Parisien” газетасы жазып чыккандай, кыздын башынын формасы 56 сантиметрден 63 см чейин чоңоюп кеткен.

19 жаштагы Эстель супермаркеттен чач боёк алган, колдоноордон мурда аллергияга карата тест жасаганын айтат. Бирок кыз реакцияны эки күн күтүш керек экенин укпастан, 30 мүнөттөн кийин чачын боёгон.

Бир нече сааттан кийин кыздын бети жана башы шишип баштаган. Тез жардам пунктунда ага дары берип үйүнө жөнөтүшкөн. Бирок кыздын абалы оорлошо баштаган.

Эстельдин тили, башы шишигенден улам чоңоё баштаган.

Ооруканага жаткырылгандан кийин докдурлар парафенилендиаминге (боёк жасалганда колдонулат) карата аллергиялык реакция жүргөнүн айтышкан. Узак эмделүүдөн кийин кыздын абалы оңолгон.

«Мен туура эмес ишимдин артынан өлүп кала жаздадым. Башкаларга бул сабак болсун демекчимин: мен сыяктуу ишке барбаңыздар», — дейт Эстель.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!