Сууга чыдамдуу тушь туралуу эмне билүү керек?

Сууга чыдамдуу тушь туралуу эмне билүү керек?
25-Апр. 2017, Шейшемби

Кирпикке арналган тушь- декоративдүү косметиканын ичиндеги негизги куралдардын бири. Туштардын кирпикти узартуучу, көлөмүдүүлүк берүүчү, витаминдерди жана сууга чыдамдуу кошумча таасир берүүчү түрлөрү бар. Ошолордун ичинен акыркы айтылган сууга чыдамдуу делген тушту аялдар өзгөчө көңүл бөлүүлөрү керек. Анткени кышында кар жааган маалда, же болбосо жазгы жамгыр кезинде жөнөкөй боёк агып кетүүсү мүмкүн. Сууга чыдамдуу туштун артыкчылыктары менен кемчиликтери да бар.

Сууга чыдамдуу туштун артыкчылыктары менен кемчиликтери

Түрдүү маанилүү иш-чарада, өзгөчө жагдайда, эс алуу маалында кулпуруп жүрүш үчүн сууга чыдамдуу туштун орду өзгөчө. Туштардын ичиндеги эң мыктысы- сууга чыдамдуу тушь деп айтууга болбойт, бирок өзгөчө жагдайларда жардам берет. Сууга чыдамдуу туштун эки түрү болот: Moisture-proof (абдан күчтүү тушь) нымдуулукка өтө чыдамдуу. Waterproof-нымдуулукка бир аз чыдамдуу, бирок катуу суу болуп калса агып кетүүсү мүмкүн. Мындай тушту күндөлүк жумуш үстүндө колдонууга болот. Ал эми эшикте катуу жамгыр жаап суу болуп жаткан болсо биринчи үлгүдөгү тушту пайдаланган жакшы.

Белгилүү маркалар менен брендердин жөнөкөй туштарынын аз гана сууга чыдамдуу таасири болот

Эң жакшы деген чыдамдуу тушь химиялык зат-синтетикалык полимерден турат. Полимерлер кирпиктерди бир саатта боёгуч кабыкча менен каптап, катып калат. Кирпиктерге аба барбагандыктан, алар кургап, сынып баштайт.

Сууга чыдамдуу туштун экинчи кемчилиги-ал кремдер менен майларга реакциясы, анын ичиндеги табигый тери майына таасир берет. май менен байланышканда тушь “эрийт” жана баардык касиетинен арыла баштайт. Үчүнчү кемчилиги-сууга чыдамдуу туштардын курамында креатин зыяндуу заттары болот. Бул чыгарган өнүрүүчү менен өндүрүлгөн товардын сапатына байланыштуу. Изилдөөлөргө ишенсек, көптөгөн маркалардын өндүлүргөн товарларына никель, хром, оксид, темир сыяктуу оор металлдар кирет. Өзгөчө тимеразол, тиомерсал, “mercury” же болбосо “quecksilber” өтө зыяндуу сымап кошулмалары сыяктуу кошулат.

Туштун кутусу менен кошумча кутуда жазылган жазууларды жакшылап окуп чыгыңыз. Эгер ушул сыяктуу компоненттерди байкасыңыз, оор реакциялардын пайда болушун алдын алуу үчүн булардан баш тарткан оң. Анын ордуна курамында витаминдер менен протеиндер бар каражаттарды тандаган жакшы.

Сууга чыдамдуу тушь бар макияжды кантип кетирүү керек?

Сууга чыдамдуу тушту кирпиктен кетирүү оңой эмес-эгер муну жамгыр да, кар да кетире албаса, анда сизге да оңой багына койбойт. Жөнөкөй суу менен же болбосо гель менен боёк кетпейт. Ал үчүн макияжды кетирүүгө арналган эки кадамдуу суюктук керек болот. Бүгүнкү күндө мындай товарды «Орифлейм», «Амвей», «Мэри Кей», «Гарнье», «Мейбеллин», «Жа-де» жана «Буржуа» сыяктуу көптөгөн компаниялар сунуштайт. Тушь жана макияж кетирүүгө арналган каражаттар бир фирмадан болсо, андан да жакшы натыйжа берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!