Бырышты кетирүүчү 7 түрдүү азык

Бырышты кетирүүчү 7 түрдүү азык
29-Апр. 2017, Ишемби

1. Помидор. Курамында витаминдер көп кездешет. Анын ичинде С витамининин курамы башка жер-жемиштерге караганда алдынкы орунда турат. Ал терини жакшы коргой алат. Андагы А витамини теринин ийкемдүүлүгүн сактап, тери клеткаларынын кургап түлөп кетүүсүн алдын алат. Помидорду эзип, ширесин чыгарып алып, ага азыраак бал аралаштырып, бетке сүйкөсө бырыштардан арылууга жардам берет.


2. Мандарин. Мандарин қурамындагы В витаминдери терини жумшартууда ролу маанилүү. Мандаринди кабыгы менен жанчып, спиртке чылап, керектүү өлчөмдө бал кошуп, бир жуму коюп коёсуз. Андан кийин бетке сүйкөсө, терини жумшартууга жана бырышты кетирүүгө жардам берет.

3. Банан. Бананды эзип, ага жарты кашык зайтун майын кошуп, аралаштырып, бет териге сүйкөсө бырыш кетет.

4. Каштан. Каштан жемишинин данын майдалап алып, балга аралаштырып, бетке сүйкөш керек.

5. Уй сүтү. Бет жуугандан кийин уйдун сүтүн сүйкөп, сутүн териге сиңгенче ээктен баштап массаж жасап укалоо керек. Бул ыкма беттин кан айлануусун тездетип, теринин көрктөнтүп, теринин дем алуусун шарттайт. Ошону менен бирге териңиз балакайдыкындай назик болуп, жүзүңүз нурланып, бырыштар азаят.

6. Жумуртканын агы. Азыраак жумуртка агына жаңы саалган сүт, бал жана ун кошуп, коюу ботко болгончо аралаштырып, бетке тегиз кылып сүйкөп чыгасыз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жуусаңыз, териңиз жумшарып, тартылышып, бырыштар бара-бара азат.

7.Капуста – бул теринин картаюсуна каршы эң керектүү азыктардын бири. Капустанын курамындагы лютеин аттуу зат бырыштар менен күрөшө алат. Эгерде кандайдыр бир жыйынтыкка ээ болууну кааласаңыз күнүнө 57 грамм капуста жеп турушуңуз шарт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!