Чачка арналган маска

Чачка арналган маска
16-Май 2017, Шейшемби

Сабиз менен лимон ширесинин кошулмасы чачка өтө пайдалуу. Мындай маскалар чачты түбүнөн нымдаштырып, өсүүсүнө өбөлгө түзөт.

Жумуртканын сарысы менен

Лимон менен сабиз ширесин бирдей өлчөмдө аралаштырып, жумуртка сарысын кошобуз. Даяр болгон кошулманы чачтын түбүнө сүйкөп, башыңызды калың жоолук менен ороп алуу керек. 1 сааттан кийин чачыңызды шампунь менен жууңуз. Масканы жумасына 1-2 жолу 3-4 ай жасап турган жакшы натыйжа берет.

Зайтун майы менен

Сабиз менен лимон ширеси жана зайтун майын 1 аш кашыктан кошуп аралаштырыңыз. Кошулманы баш териге массаж жасап отуруп сүйкөңуз. Башыңызды калың жоолук менен ороп, 15-20 мүнөттөн кийин жууп салыңыз.

Сабиз менен лимон

2 аш кашык сабиз ширеси менен 1 аш кашык лимон ширесин кошуп аралаштырыңыз. Даяр болгон кошулманы чачтын түбүнө сүйкөп чыгыңыз. Башыңызды жылуу ороп, 1-2 сааттан кийин шампунь менен жууңуз. Ал эми таза суу менен чайкаган маалда сууга лимон ширесин же болбосо уксуз кошуңуз (1 литр сууга 1 аш кашык).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!