Ашкабак айымдарды жашартып, сулуу кылат

Ашкабак айымдарды жашартып, сулуу кылат
26-Май 2017, Жума

Табият бизге тартуулаган сыйкырдуу жашылча ашкабактын пайдалуу, дарылык касиеттери адам баласына тээ илгертеден белгилүү. Ашкабактын этинде А, B1, B2, B5, E, РР, С витаминдери, клетчатканын, канттын көп өлчөмү, кальций, калий, магний, темир жана башка микроэлементтер камтылган. Ал эми семичкеси В1, С, Е, D, РР витаминдерине, каротин, көмүртек, белок, майга бай. Ошондуктан, бул өсүмдүктүн ден соолукка, сулуулукка тийгизген таасирлери зор.

Ашкабак сулуулук үчүн...

Ашкабактын сулуулук жаатындагы эң пайдалуу өзгөчөлүгү - ал аялдын организмин жашартуучу касиетке ээ. Курамындагы Е витамининин эсебинен бырыштын пайда болушун жана карылык тактарынын алдын-алат. Аны маска катары 1-2 жума пайдалангандан кийин бет терисинин жумшак, сыйда, серпилгич болуп калганы байкалат.

Жашартуучу маска: Ашкабакты кыргычтан өткөрүп, 2 чоң кашык боткосуна 1 чоң кашык алоэнин ширесин, 1 чай кашык бал кошуп жакшылап аралаштырасыз. Бул аралашманы бетиңизге 10-15 мүнөт коюп, бөлмө температурасындагы сууга жууп саласыз. Андан соң азыктандыруучу крем коюп аласыз.

Кургак жана нурсуз беттер үчүн: Ашкабакты кайнатасыз. 2 чоң кашык эзилген ашкабакка 2 чоң кашык быштак жана 1 чоң кашык каймак кошуп аралаштырасыз. 1 чай кашык бал кошуп койсоңуз да болот. Бул масканы бетиңизге жаап, 15-20 мүнөт кармап турасыз. Андан соң жылуу сүткө малынган кебез менен аарчып саласыз. 5 мүнөттөн кийин жылуу сууга чайкайсыз да, муз менен бетиңизди сүртөсүз.

Майлуу беттер үчүн: Ашкабактын кичинекей бир бөлүгүн кыргычтан өткөрөсүз. Пайда болгон боткодон 2 чоң кашык алып, ага 1/4 чай кашык лимон ширесин жана 1 жумуртканын агын кошуп аралаштырып, бетиңизге 15 мүнөт коёсуз. Андан соң бөлмө температурасындагы сууга жууп саласыз.

Бетти агартуучу жана сергитүүчү семичке маскасы: Ашкабактын 20 даана семичкесин чагып, жанчып, үстүнө бир аз кайнак суу куясыз да, эмаль идишке коюланганга чейин кайнатасыз. Муздатасыз. Бетиңизди оливка майы менен майлап, семичкени жука катмар кылып бетиңизге сүртөсүз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

Ашкабак ширеси менен сүттүн теңме-тең аралашмасын кургак беттерге бир ай бою күн сайын сүртүп турган пайдалуу. Нормалдуу жана майлуу беттерге болсо ширеге сүттүн ордуна кайнатылган сууну аралаштырыңыз.

Ашкабак ден соолук үчүн...

- Ашкабактын эти жоон ичегинин сезгенүүсүндө, ич өтүүдө, жүрөк-кан тамыр ооруларында, аз кандуулукта, циститте сунушталат.

- Ашкабактын эти организмден ашыкча холестеринди алып чыгып, жүрөк ооруларынын алдын-алууда кызмат кылат.

- Уйку качканда ашкабак ширесине бал кошуп ичүү сунушталат.

- Ашкабак семичкеси - чүчөк куртка каршы эң натыйжалуу каражат.

- Мындан тышкары, маал-маалы менен ашкабак семичкесин жеп турган эркекте бел кубаты жаатында маселе жаралбайт.

- Зат алмашуу бузулганда, боор оорусунда суткасына 0,5 кг ашкабак жеп, 1-2 стакан ширесин ичүү сунушталат.

Адистен кеңеш:

Көзгө туура макияж жасоону кааласаңыз, анын кандай түргө киргенине карабай асты жагын боёо керек. Бирок бир нече шарттарды эске алуу менен:

1-шарт: Көздүн асты кара карандаш менен жарымына чейин боёлот.

2-шарт: Кирпиктин өсүү багыты боюнча боёлот.

3-шарт: Калың да эмес, ичке да эмес, орточо калыңдыкта болушу керек. Эгерде ал сызык өтө эле ичке болсо көз кичине болуп, беттин жаактары болсо чыгып калгандай көрүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!