Бал беттеги кара тактарды кетирет

Бал беттеги кара тактарды кетирет
5-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Балдын пайдасын айтып бүткүс. Аны жалаң пайдалуу тамак түрүндө гана эмес, сулуулук сактоочу каражат ирээтинде да колдонууга болот. Ошондуктан бал үйүңүздө милдетүү түрдө болуусу керек.

Беттеги кара тактарды кетирүүчү бал маскасы:

5 кашык балга 1 кашык туз салып аралыштырабыз. Аралашманы бетке сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкап жууп салуу кажет. Жумасына эки жолу кайталып туруу зарыл.

1 кашык ашкана содасын сууга эритип, 1 кашык бал кошобуз. Масканы бетке 10 мүнөттөй кармап, жылуу суу менен чайкайбыз. Маска бетти кара тактардан, өлгөн клеткалардан тазалайт.

Беттин сулуулугун ачуучу бал маскасы:

Дарыккандан ромашка сатып алып, эки кашык ромашкага кайнаган суу куябыз. Андан соң ага эки кашык бал кошуп, аралашмага эки көздүн орду атайын оюлган марлини саласыз. Марлини бетке коюп, 20 мүнөттөн кийин алып бетти жууйсуз.

Мандарин ширесин сыгып алып, ага бир аш кашык бал кошуңуз. Даяр болгон каражатты бетке 15-20 мүнөткө коёсуз. Андан кийин жууп салыңыз.

2 кашык балды 1 кашык лимон ширеси менен аралаштырып, бетке сүйкөңүз. 15-20 мүнөттөн кийин жууп таштаңыз.

Кургак бетке арналган бал маскалары:

Банандын жарымын эзип, жумуртканын сарысы менен жарым кашык каймакты, жарым кашык балды аралыштырабыз. Аралашманы 15 мүнөт бетке сүйкөп күтүп туруңуз. Артынан жылуу суу менен жууп салуу керек.

Жумуртканын сарысына 1 кашык бал менен бир нече тамчы жожоба майын тамызыңыз. Кошулманы бетке сүйкөп, 20 мүнөт күтүңүз.

Бал менен сүттүн аралашмасын Клеопатра ханшайым ар дайым колдонгон. Бал бетти нымдаштырып, терини жашартып, кандын айлануусун жакшыртып, жумшак кылат. Эң башкысы балга аллергияңыз болбошу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!