Күндөн коргоочу крем колдонууда...

Күндөн коргоочу крем колдонууда...
28-Июнь 2017, Шаршемби

Нурун чачкан күн – баардык тиричиликтин башталышы, жылуулук менен көңүл маанай тартуулаган кубанычтын нышаны. Бирок, күндүн астында көп убакыт жүрсөңуз, ал терс таасири берет. Жаз күндөрү акырындап жайга алмашкан маалдарда көпчүлү адамдар күндөн коргонуу аракетин көрө башташат эмеспи. Ошондуктан күндүн нурларынын коргонуу үчүн курамында SPF (sun protection factor) коргонучу бар кремди колдоно баштаңыз.

Аны тандоодо көңул бөлүңүз. Эгер териңиз назик, сезимтал болсо, бетиңизде сепкил же мең көп болсо, чачыңыз менен көзүңүздүн түсү ачык болсо, SPF көрсөткүчү максималдуу крем тандаңыз мисалы, SPF50.

Ак жумал, чачы ачык күрөң кыздарга SPF40 креми туура келет. Ал эми ошондой эле ак жумал бирок чачынын түсү күрөң-кара, көздөрү күрөң кыздарга SPF30 коргонуучу жарайт. Кара тору, көздөрү менен чачтары кара кыздарга SPF15 кремин колдонсо болот. Бирок, күндүн таасири сиздин териңиздин түсүнө гана байланыштуу эмес, ультрафиолет нурларына керек болсо кара тору кыздардын терисине жаман таасирин калтыра алат.

Эгер күнү бою кеңседе же болбосо үйдүн ичнен чыкпай отурсаңыз, сыртка аз гана убакыт чыксаңыз SPF15 тандасаңыз болот. Күндөн коргоочу кремди сыртка чыгардан мурда 20-30 мүнөт эрте сүйкөп алыңыз. Ушундай ыкманын натыйжасында крем сиңип, сизди коргой алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!