Чачтын түшүүсүнө каршы маска

Чачтын түшүүсүнө каршы маска
4-Июль 2017, Шейшемби

Чоң энелерибиз менен апаларыбыздын чачтары мурда калың жана узуун болгонун эски сүрөттөрдү көрүп отуруп билебиз. Ал эми азыр биздин чачтар эмнеге жука? Ошондой эле, тараган учурда бир уч чачтын түшүүсү ар бирибизди сарсанага батырат. “Чачтын өсүүсүн тездетет, калыңдатат” деген жазуулар менен чыккан шампундар да, чачка арналган түрдүү маскалар да дүкөн текчелери менен дарыканаларда түрү бар. Ошентсе да алардын керемет натыйжасына ишенгендер аз. Ошондуктан убагында апаларыбыз колдонгон төмөнкү бир масканы колдонуп көрүңүз. Ал үчүн сизге нан менен суу гана керектелет.

Кара нанды 3-4 бөлүккө бөлүп, бир нече күн катырып коёсуз. Нан кап-катуу болуусу керек. Үч литр идишке (метал идиш болбосун) катыган нанды салып, нандын бир кесимин алыгыдай үстүнөн ысык суу куюп, аны 3 күн үстүн жаап, коюп коюңуз.

3 күндөн кийин идиштеги масканы ысытып, нанды сүзүп аласыз. Суусун төкпөй туруңуз. Сүзүп алган нанды сууланышкан чачка сүйкөп, полиэтилен баштык кийип, сыртынан жылуулуп ороп алыңыз. Жарым саатан кийин чачыңызды алгач жылуу суу менен, андан кийин нан чыланган суу менен жакшылап чайкайсыз.

Бул маска чачыңызды түшүүсүн токтотот. Мындан сырткары чачтын өсүүсүн тездетип, калыңдатып жана жалтырап туруусун камсыз кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!