Түбөлүк эсте калчу 5 жыпар жыт

Түбөлүк эсте калчу 5 жыпар жыт
07-02-2017

Атыр - адамдын каалоосу менен темпераментин көрсөтө алган өзгөчө дүйнө. Ал аркылуу алгач кездешкен адамыңыздын ким экенин билүүгө болот. Ошондуктан алардын эң таанымал түрлөрүн, башкача айтканда ХХ кылымдын жыпар аңкыган жыттарын аныктап көрөлү.

“Chanel No. 5”

Чыккан жылы:1921
Парфюмер: Эрнест Бо
Тобу: Гүл альдегиди
Жарнамалаган: Жизель Бюндхен (Катрин Денев, Николь Кидман, Одри Тоту жана башкалар)

Коко Шанелдин тапшырмасы боюнча белгилүү парфюмер атайын 10 композиция жасап чыгарган. Коко чыныгы аял жытынын үлгүсү болгудай атыр тандоо жолунда жаңылышкан жок. Ал 10 үлгүнүн ичинен бешинчисин тандаган. Шанель атырды төрт бурчтуу идишке куйдуруп, карапайым декор менен сунуш кылган. Себеби Коко Шанелдин талабы ушундай болгон. Ушундай жол менен Коко дагы жаңылык киргизүү менен революциянер иретинде таанылды. Бул жолу ал парфюмерия багытын багындырды. Ал ошол убактын эң атактуу күмүш экран жылдызы Мэрилин Монронун айткан сөзү атырдын жарнамалык урааны болуп калды.
Бир күнү журналисттин “ Сиз эмне кийгенди жактырасыз?”-деген суроосуна Монро : “Chanel No. 5 атырынын бир нече тамчысын гана”- деп жооп берген экен.

“Shalimar Guerlain”

Чыккан жылы: 1925-жыл (1921-жылы ойлоп тапкан)
Парфюмер: Жак Герлен
Тобу: Чыгыш гүлдөрү
Жарнамалаган: Наталья Водянова

Парфюмдун аталышы “Шалимар” (“Махабат багы”) багынын урматына коюлган. Индиянын башчысы Шах-Джахан сүйүктүү жубайынан айрылгандан кийин Тадж Махалды курдурат. Анын тегерек четине “Махабат багын” өстүрүүгө буйрук берет.
“Shalimar”- классикалык чыгыш сырын ачкан алгачкы жыпар жыттардын бири. Ал ошону менен бирге эле парфюмерия ааламынын нагыз классикасына айланган. Атырдын идиши анын визиттик карточкасы болуп саналат. Бул жыпардын артыкчылыгы, аны сепкен учурда айымдар экиге бөлүнөт. Бири “мына чыныгы атыр!”- деп өмүр бою колдонушса, кээ бири атырдын жытын түшүнө албай калышат. Өзүнүн өзгөчө жытынын аркасында “Шалимар” деп бир нече китеп жана фильмдер аталган. Ал көпчүлүккө чыныгы аялды өзгөдөн ажыратып турган алгачкы белги иретинде көрсөтүлдү.

“Miss Dior”

Чыккан жылы:1947-жыл
Парфюмер: Поль Ваше
Тобу: Мөмөлүү гүлдөр
Жарнамалаган: Натали Портман ( Лили Дональдсон, Марина Линчук)

“Christian Dior” мода үйүнүн алгачкы атыры анын биринчи кийим көргөзмөсү менен көрсөтүлгөн. Алар бирден-бир сулуулуктан гана жаралган дүйнөнүн белгисиндей болуп калды. Композицияны ойлоп табууга 2 гана ай убакыт кеткен. Анын азыркы карамель попкорн жыты буркураган түрү эң алгач сунушталган үлгүсүнөн алда канча өзгөчө. “Miss Dior” 1947-жылы Монтень авенюда сунушталган биринчи үлгүсүнөн тартып азыркыга чейин “назиктиктин көзгө көрүнбөгөн аурасы” деген атактуулукту кармап келет.

“Climat Lancome”

Чыгарылган жылы: 1967
Парфюмер: Жерар Гоупи
Тобу: Гүл альдегиди

“Climat Lancome”- кылым символуна айланган атыр. “Climat Lancome”- өзүнө-өзү ишенимдүү, акылына көркү жарашкан аялдын сулуулугун жар салган “акын” атыр. Анын жытын жыттаган адам өмүр бою унута албайт деп айтылат. Акыркы убактарда “Lancome” компаниясы парфюмдун жаңы үлгүлөрүн чыгарып жатат. Анткени эң алгачкы үлгүнүн курамын парфюмер сыр бойдон калтырып, эч кимге айткан эмес.

"Opium Yves Saint Laurent"

Чыккан жылы: 1977
Парфюмер: Жан Амик жана Жан-Луи Сьезак
Тобу: Чыгыш даамы
Жарнамалагандар: Эди Кемпбелл (Софи Даль)

“Опиум”- “Yves Saint Laurent” өнөрүнөн ийгилик жараткандар үчүн арналган атыр. Эң алгач коомчулукту анын жыты эмес аталышы таң калтырган. Бул ансыз да атактуу дизайнерди мурункудан да белгилүү кылган.
Атырдын белгилүү болушуна Девид Линч да өз үлүшүн кошкон. Маэстро 1992 жана 1999-жылдары бул атырдын жарнамалык ролигин тарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!