Терең тазалоочу маска

Терең тазалоочу маска
13-Июль 2017, Бейшемби

Биз сыртта чаң жана булганыч абада көп болобуз. Андан улам бетибиздин тешикчелерине көзгө көрүнбөгөн кирлер толуп калат. Ал кирлер бара-бара тешикчелерди жаап, дем алдырбай териде ар түрдүү безетки, ысык жана аллергиянын пайда болушуна алып келет. Мындай учурда бетти таза, терең тазалоочу каражаттарды колдоно баштайбыз. Мына ошого байланыштуу биз сиздерге колдо бар жөнөкөй жана натыйжалуу ыкманы сунуштамакчы.

Курамы:

1 жумуртканын агы

1 аш кашык кант

Жумуртканын агы менен кантты кошуп, кант ээригенче аралаштырасыз. Жарымын бетке сүйкөбүз. Кичине кургагандан кийин, калган жарымын сүйкөйсүз, бет терисин акырындап манжалар менен баскылап чыгасыз. Колго жабышып, беттеги кирдин баарын чыгарат. Процедура бүткөндөн кийин масканы суу менен жууп, крем сүйкөп коёсуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!