Маникюр кыздын мүнөзүн ачат

Маникюр кыздын мүнөзүн ачат
18-Июль 2017, Шейшемби

Кыздардын сулуулугу анын болгон сырын ачпаса да, мүнөзү, турган турпаты тууралуу айта алат. Мисалы, классикалык маникюр.

Бул жерде эки факторго көңүл бөлүү керек. Алар: тырмак узундугу менен лактын түсү. Психолог адистердин пикири боюнча, тырмак канчалык узун болсо, ошончолук кыздын өзүнө деген ишенимдүүлүгү артат. Узун тырмакты шашпаган, олуттуу кыздар тандашат. Алар өзүнө да, башкаларга да күмөн менен карашпайт. Керек учурда ар кимдин көңүлүнөн чыга алат.

Кыска тырмак ээлери көпчүлү учурда күмөнчүл, аналитикалык ойлоонуусу өткүр, бир нерсени тез үйрөнүп кете алат. Ошентсе да алар өз өмүрлөрүнө нааразы болуп жүрүшөт.

Түстөр тууралуу...

Ачык, көзгө бир көргөндө түшкөн түскө тырмак боёгонду жактырган кыздарга токтолсок.

Жашыл түстү лак тандаган кыз оптимист жана ар бир адам менен тил табышып кете алган жандар болушат.

Көк менен ачык көк түстөрдү тандагандар көз карандысыз, боштондукту сүйгөн, ички жан дүйнөсү бири-бирине төп келген адам экенин көрсөтөт.

Кочкул кызыл түстүү маникюр – олуттуу, салмактуу кыздардын тандоосу. Кызыл түстөр импульсивдүү, эмоционалдуу кыздардын белгиси. Нейтралдуу, бейтарап түстөрдү тандаган кыздар эптүү, бышык болушат.

Френч маникюрун тандаган кыздар мансапкор, бийликти эңсегендер кирет. Алар болгон убактысын жумушуна бөлүшөт. Ошол себептен жумуштарында табыштуу, акчалары жеткиликтүү.

Нейл-артты стилин тандаган кыздардын маникюру аркылуу көңүлү менен өзүнө деген ишенимдүүлүктү көтөрөт. Алар тартынчаак, уялчаак болсо да чыгармачыл адам болуусу мүмкүн. Алар – креативдүү ойлонгон, заттарга жаңылык киргизип, башка кырынан караган кыздар. Мындай маникюр ээлери өмүрдүн ар бир саатынан ырахат алып жшашат. Аларга жетишпегени – башкалардын көңүлү.

Лак боёбогон кыздар көпчүлү учурда аз иштеп, көп алганды каалашат. Алар "эркектердей" ойлоно алышат, эффективдүү жумуш иштей алышат. Өз күчүн жалаң гана керектүү дүйнөгө коротушат. Кыялдары менен максаттарына кандай гана жагдай болбосун кол жеткизишет.

Тырмактарын өстүрбөгөн, лак сүйкөбөгөн кыздар өз убакыты менен күчүн бош өткөргүсү келбегендер. Алар алдыга пландарды куруп, ошол боюнча өмүр сүрүшөт.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!