Жагымдуу бет үчүн жашылча маскалары

Жагымдуу бет үчүн жашылча маскалары
25-Июль 2017, Шейшемби

Жашылча маскаларынын сыры ушунда, алардын ширесиндеги жана боткосундагы пайдалуу заттар адамдын организмине "туугандык" жайы бар. Жаңы сыгылган ширенин организмге көз ирмемде сиңээри белгилүү. Ушул сыяктуу эле жемиш маскасын жасоодо да бардык пайдалуу заттар туура эле клеткаларга жетип, аларды В тобунун витаминдери, С витамини менен каныктырат. Натыйжада, тери тазаланат, тартылат, жумшарат...

Өрүк маскасы

Кургак беттер үчүн: Бирдей өлчөмдөгү өрүктүн боткосу менен майлуу быштакты аралаштырып, 10-15 мүнөт бетиңизге коёсуз. Андан соң жылуу суу менен жууп саласыз.

Майлуу беттер үчүн: Эки даана өрүктү эзип, ага 1 чоң кашык лимон ширесин кошосуз. Бетиңизге тегиз кылып коюп, 15 мүнөттөн кийин жууп саласыз.

Түлөгөн беттер үчүн: Эгер бетиңиз катуу түлөй баштаса, 2 даана өрүктүн боткосуна 1 жумуртканын сарысын кошуп аралаштырып, бетиңизге коюңуз. Бир аздан кийин колуңуз менен алып саласыз да, артынан суу менен жууйсуз.

Беттин терисин азыктандыруу үчүн: 2-3 даана өрүктү эзип, ага 1 чоң кашык сүт кошуп аралаштырасыз. Аралашманы 15-20 мүнөт бетиңизге коёсуз. Мындай процедура беттин терисин жумшартып, азыктандырат.

Малина маскасы

Кургак жана нормалдуу беттер үчүн: 1 жумуртканын сарысына 4-5 даана малина, 1 чоң кашык сүт жана 1 чай кашык өсүмдүк майын кошосуз. Баарын жакшылап аралаштырып, коюураак болуу үчүн бир аз сулунун унун кошосуз. Бетиңизге коюп, 15 мүнөттөн кийин алгач жылуу суу менен, андан соң муздак суу менен жууп саласыз.

Майлуу беттер үчүн: Малинаны ширеси чыкканча жакшылап эзип, 1 чоң кашык боткого кара нандын күкүмүн аралаштырасыз. Аралашманы бетиңизге жука кылып коюп, 15 мүнөттөн соң муздак суу менен жууп саласыз.

Сепкилди кетирип, бетти агартуу үчүн: Малинаны эзип, алынган ширени бетиңиздин сепкили бар бөлүгүнө бир күндө бир нече жолу сүртөсүз. Бир нече күндөн кийин сепкилдериңиздин кете баштаганы байкалат.

Безеткилерден арылуу үчүн: Малинанын жалбырагын сыгып, алынган ширеси менен бетиңизди сүртсөңүз, безеткилериңиз жоголот. Сүрткөндөн соң кызарып калбоо үчүн ар бир безеткиге каймакмай сүйкөп чыгуу керек.

Жүзүм маскасы

Кургак беттер үчүн: 1 чоң кашык жүзүмдүн ширесине 1 чай кашык каймакты, ушул эле өлчөмдөгү өсүмдүк майын аралаштырасыз. Бул аралашмага жакшы чалынган 1 жумуртканын сарысын жана ак нандын күкүмүнөн бир аз кошосуз. Дагы бир жолу жакшылап аралаштырып, пайда болгон массаны бетиңизге коёсуз. 15 мүнөттөн кийин суюк демделген жылуу чай менен жууп саласыз.

Майлуу беттер үчүн: Жүзүмдөн 2 чоң кашык шире сыгып аласыз да, ага 1 жумуртканын сарысын кошуп, көбүртө чаласыз. Коюу масса алынышы үчүн бир аз ун кошуп, бетиңизге жабасыз. 15 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп саласыз.

Бардык типтеги беттер үчүн: Жакшы бышкан таттуу жүзүмдөн бир нече даананы алып, ортосунан тең экиге бөлөсүз да, алар менен тазаланган бетиңизди сүрөсүз. 20 мүнөттөн кийин бетиңизди муздак суу менен чайкап саласыз.

Бетти азыктандыруу үчүн: Таттуу жүзүмдүн 6-7 даанасын эзип, ага 1 чай кашык бал, ушул эле өлчөмдөгү оливка майын кошосуз. Ошондой эле сууга бышкан бир жумуртканын майдаланган сарысын, жарым чай кашык туз жана 1 чоң кашык жылуу манна боткосун аралаштырасыз. Бетиңизге коюп, 15 мүнөттөн кийин бөлмө температурасындагы кайнатылган суу менен жууп саласыз.

Бырышты кетирүү үчүн: Бирдей өлчөмдөгү жүзүм ширеси менен балды аралаштырасыз. Алынган массаны марляга тегиз кылып шыбап, бетиңизге коюп жатасыз. 15 мүнөттөн соң алып, бетиңизди жылуу суу менен жууп саласыз.

Кулпунай маскасы


Кургак беттер үчүн: Жакшы бышкан кулпунайды жакшылап эзиңиз. Пайда болгон боткодон эки чоң кашыкты алып, ага өзүңүз пайдаланып жүргөн жумшартуучу кремден 1 чай кашык жана 1 чай кашык бал кошуңуз. Бул аралашманы бетиңизге 10-12 мүнөт кармап туруп, андан соң бөлмө температурасындагы сууга жууп салыңыз.

Майлуу беттер үчүн: Стакандын төрттөн бир бөлүгүндөгү кефирге бир чымчым туз кошуп аралаштырасыз. Андан соң орточо чоңдуктагы бир нече кулпунайды аласыз. Кулпунайдын ар бирин туз кошулган кефирге малып, бетиңизге коёсуз да, манжаларыңыздын учу менен акырын эзесиз. Кулпунайдын баарын эзип бүткөн соң боткону бетиңизде 10 мүнөттөй кармап турасыз. Андан соң муздак суу менен жууп саласыз.

Аралаш беттер үчүн: Эзилген 1 чоң кашык кулпунайга бир жумуртканын сарысын, 1 чоң кашык кефир же йогурт жана бир аз ун кошосуз. 15 мүнөт бетиңизге коюп, андан соң муздак суу менен жууп саласыз.

Бардык типтеги беттер үчүн: Жайында кулпунайдын ширесинен даярдалган бетти сергитүүчү косметикалык муз даярдасаңыз болот. Ал үчүн кулпунайды эзип, ширесин сыгып аласыз. Аны калыпка куюп, муздаткычтын тоңдургучуна салып коёсуз. Пайда болгон муз менен бетиңизди сүртө бересиз.

Кулпунай менен бетиңизди бир күндө эки жолу сүртсөңүз, сепкилдериңиз жана башка тактарыңыздын кеткени байкалат. Ошондой эле бул майлуу беттердеги тешиктерди, безеткилерди жок кылууга да жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!