Ашкана содасы - табылгыс косметикалык каражат

Ашкана содасы - табылгыс косметикалык каражат
31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Күнүмдүк жашообузда тамак-ашка колдонуп жүргөн сода табылгыс косметикалык каражат экенин барыбыз биле бербесек керек. Сода - терини тазалап, көркүнө, калыбына келтирет. Чачты бекем кылып, табигый көрк берүүчү касиетке ээ.

Сода кантип эле косметикалык каражат болсун деп ишене албай жатсаңыз, биздин макалабыз менен таанышып, жашооңузда колдонуп көрүңүз. Жыйынтыгында керемет көрүнүшкө ээ болосуз.

Сода-терини кургагандан, түлөгөндөн сактай турган касиетке ээ. Ошондой эле, теринин саламаттыгына мыкты кам көрүп, өлгөн клеткаларды жок кылат.

Беттин териси үчүн содадан жасалган скраб:

Сода менен балды аралаштырып, бетиңизге сүртүп, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Мындай табигый скраб, териңизди жумшартып, нымдап турат. Сода менен сууну аралаштырып, өтө коюу эмес аралашма жасап, бетке сүртүп, бир аз убакыттан соң жылуу суу менен жууп салуу керек. Жыйынтыгында наристеникиндей жылмакай жана агыш териге ээ болосуз. Анткени сода агартуучу касиетке ээ.

Колдоруңуздун жибектей жумшак болуусун кааласаңыз

Кол - ар бир аялзатынын визиттик карточкасы. Апакай, жибектей жумшак, ар дайым кам көрүлгөн колдор аялзатынын өзүнө кам көрө билгендигинин белгиси. Бирок, аялзаты химиялык каражаттарды көп колдонуп, сууга көп салгандыктан колдору жагымсыз сезилип, кам көрүлбөгөндөй көрүнөт. Бул жагдайга маанайыңызды чөктүрбөңүз. Колдоруңуздун жагымдуу болушуна сода эң мыкты косметикалык каражат болуп берет. Содага бир чоң кашык балды аралаштырып, скраб жасап колду укалоо менен скрабды сүртүп чыгуу керек. Колду өлгөн клеткалардан арылтып, жашартат. Андан сырткары кургабай жибектей жумшак болот.

Безетки менен кош айтышыңыз

Безетки-эң жагымсыз көйгөйлөрдүн бири. Сулуулугубузду уурдаганы аз келгенсип, айдай жүзүбүзгө тагын да калтырып кетет. Мунун айынан өзүбүздүн келбетибизге берген баабыз да төмөндөйт. Безеткиден калган тактар менен кош айтышкыңыз келсе, лимондун бир нече тамчы ширесине соданы аралаштырып, так болгон жерлериңизге сүртүңүз. Кошумчалай кетчү жагдай, бул скрабды түнкүсүн колдонуу керек. Себеби, лимон кошулган сода күндүн нурунан бетке так калтырышы мүмкүн.

Беттеги кара чекиттерден арылуу үчүн

Апакай жүзгө, жыбырап чыккан кара чекиттер ар бир эле айымга жагымсыздыкты тартуулайт. Кара чекиттерден арылуу үчүн сода менен сүттү аралаштырып, бетиңиздеги кара тактар бар жерлерге сүртүңүз. 15 минута кармаган соң жылуу суу менен жууп салыңыз.

Чачтагы ашыкча майдан арылуу үчүн

Майлуу чачтар ар убак кирдегендей, эч качан жуулбагандай көрүнөт. Чачыңыз майлуу болуп, күндө жуугандан чарчасаңыз, анда кадимки эле шампунуңузга бир чай кашык соданы аралыштырып, чачыңызда бир аз көбүрөөк кармаңыз. Андан соң чачты таза чайкаңыз. Бул ыкманы үзгүлтүксүз колдонуунун жыйынтыгы көпкө күттүрбөйт.

Табигый жана натыйжалуу дезодрант

Жагымсыз жыттарды жөнгө салууда сода эффективдүү каражат. Денеңизден чыккан тер ыңгайсыздыкты жаратып жатса, жарым чай кашык соданы жуунуп жаткан сууңузга кошуп, денеңизди чайкаңыз. Жыйынтыгы сизди капа кылбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!