Француз айымдарынын сулуулук сырлары

Француз айымдарынын сулуулук сырлары
09-02-2017

Бир караган адамга француз айымдары табиятынан сулуу болуп жаралгандай сезим калтырат. Ал үчүн эч кандай косметикалык каражаттарды колдонбогондой көрүнөт. Бирок ошол эле убакта алар дүйнөлүк сулуулук стандартына дал келүү үчүн да умтулушпайт, жайнаган диеталарды кармоону жактырышпайт. Тулку боюнан кемчилик тапса да билгизбей өздөрүн тик кармап жүрүшөт. Француз айымдарынын келбетинде көпчүлүккө үлгү болчу баардык касиеттер бар. Ал касиеттерди үйрөнүү аркылуу сиз да өз келбетиңизге кам көрө аласыз деген ойдобуз.

Француз айымдарынын көп жашаары да белгилүү. Доктор Мишел Жеймс жаңы чыгарган 'Live Better and Longer' (Жакшы жана узак жашоо мүмкүн) аттуу китебинде ар куракта жаш жана сулуу көрүнгөн француз айымдарынын сырлары менен бөлүштү.

Стил

Француз айымдары стилдери менен таанымал. Алар дүйнөлүк деңгээлдеги дизайнерлер сунуштаган модадан көрө өзүнө гана ылайыктуу стилди табууну каалашат. Бул стилдерди жыл сайын жаңы аксессуарлар менен толуктап отуруп акчасын да үнөмдөйт.

Өзүңүзгө ырахат тартуулоо үчүн түрдүү нерселерди жасаңыз. Тек гана келбеттин сулуулугу үчүн гана эмес, жан дүйнө сулуулугу үчүн да аракет кылуу керек. Жакшы сезимдерди тартуулоочу ванна, косметикалык жана бүтүндөй дене үчүн укалоолор жөн гана керектүу нерсе деп билиңиз.

Идеалдуу болуу мүмкүнбү?

Алдына койгон максатка жетүү үчүн милдеттүү түрдө француз айымдары баардык иштен ырахат алуу максатын көздөшөт. Мунун ден соолукка да пайдасы бар.

Өзүңүздү кемчиликтериңизге карабай кабылдай билиңиз. Журнал беттериндеги идеалдуу айымдардай болууну көксөбөстөн, идеалдуу нерсе жок экендигин үйрөнөлү. Ошондуктан француз айымдары 36 өлчөмдөгү кийимди кийүү бакыт эмес экендигин жакшы түшүнүшөт.

Ырахаттанып тамактануу

Даамдуу тамак-аштан ырахат алууну үйрөнүңүз. Табитти кандыруучу ашты баардыгыбыз жакшы көрөбүз. Ошондуктан, өзүбүздү бул мүмкүнчүлүктөн айырбоого жол бербейли. Албетте, казы-карта, француз нандарын, каймакка алмаштыруу мүмкүн эмес. Бирок ошентсе да анда-санда тамакты аз өлчөмдө жегенге болот. Сыналгынын алдында отуруп тамактанбаңыз. Ашказан тойгондо мээге болжол менен 20 мүнөттүн ичинде сигнал жиберет. Ал эми сыналгы көрүп тамактанып отурган маалда убакыттын өтүшүн жана тойгондугуңуз тууралуу, белгини байкабай өткөрүп жиберишиңиз ыктымал. Спирт ичимдиктери жүрөккө зыяндуу, бетти жана чачты кургатып, өмүрдү кыскартат.

Кымбат баалуу күндөн коргоочу көз айнек алыңыз

Көздөрдү күндүн нурларынан коргобосонуз катаракт болуп, көздүн көрүүсүн начарлатат. Көз айнек тандоодо көлөмдүү болуусуна көңүл бөлүңүз. Көлөмдүү көз айнектер көздү максималдуу жакшы коргойт.

Сарымсак

Франсуздар сарымсакты көп жешет. Сарымсактын касиетинин күчтүүлүгү байыртан белгилүү – бул жөнөкөй дарыны миң жылдар мурун эле колдонушкан. Сарымсак көптөгөн ооруларга даба, андан сырткары териге да зор таасирин тийгизип, картаюу процессин жайлатуучу касиетке ээ.

Муздаткычты жакшылап тазалаңыз

Жаш өткөндөн тартып иммунитет алсыздана баштайт. Аны түрдүү вирустардан жана бактериялардан коргоо зарыл. Муздаткычтагы тамак –аштарда түрдүү вирус жана бактериялар болбошу ыктымал, ал үчүн таза шартта болушу керек. Муздаткычты бир айда бир жолу химиялык жана уксуз сыяктуу каражаттардын жардамы менен тазалап туруу кажет.

Француз көнүгүүлөрү

Сууга түшүп гана койбостон суу аэробикасы, суу алдында велосепед тебүү сыяктуу түрдүү көнүгүүлөр остеопорозду алдын алат. Биринчиден, дене суунун алдында болгон убакта жүрөктүн согушу жайлай түшөт, мында дагы оор көнүгүүлөрдү жасаганга тырышыңыз. Экинчиден, булчуңдар чыңалып, ошону менен муундарга пайда алып келет. Үчүнчүдөн, суу бүтүндөй денеге массаж жасап укалайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!