Жаз мезгилине жеңил макияж жасаңыз

Жаз мезгилине жеңил макияж жасаңыз
09-02-2017

Жаз мезгилине жеңил макияж жасаган ыңгайлуу. Бул макияж күндүзгү убакка ылайыктуу келет. Эгер кечки макияж жасагыңыз келсе, күндүзгү түрүнө кошумча кылып, ачык түстүү эрин боёгун боёп, көзүңүзгө стрелка койуңуз.

Жеңил макияж жасоо жолдору:

Ар бир макияждын анын ичинен тез жана жөнөкөй көрсөткөн макияждын негизи - бул сапаттуу тон. Андыктан тондон баштоо жакшы. Көз менен эринге чакан убакыт бөлүп, бет терисин тегиз болуусуна аракет кылыңыз. Көйгөй жараткан безетки менен кызарган жерлерди көрсөтпөө үчүн концилерден баштаңыз. Андан соң, тонал кремин бетке атайы спонждун жардамы менен сүйкөңүз. Жазында жеңил тонал куралдар менен колдонгон жакшы. Мисалы, күндөн коргоочу фактору бар ВВ-крем. Эгер сиз күнгө күйүп калган болсоңуз, ал үчүн бронзер колдонуңуз. Аны маңдай, мурун учу, жаак тарапка жана моюнга аздап сүйкөп чыгыңыз.

Кийинки кадам - бетке арналган румяна. Жалпак кылдуу калемдин жардамы менен жаакка аз-аздап шабдалы же болбосо ачык кызыл түстөгү румяна сүртүңүз. Көп өлчөмдө боёбоңуз, себеби ашыкча сүртүлгөн румяна жеңил макияжды жаратпай салат.

Бул макияжда кашка көп убакыт бөлгөн жөн. Эгер бетиңиз жеңил тон жасап, кашка көп убакыт бөлсөңүз, кирпикке тушь жана көзгө тень боёо туура керек. Каштын формасын чыгарып тень же карандаш менен боёңуз.

Көзгө келген болсок ага жеңил макияж жасоо үчүн тушь жардамга келет. Күндүзгү макияжга кара түстөгү тушь менен кошо, күрөң түс да шайкеш келе берет. Аны бир нече ирет үстү-үстүнөн сүйкөштүн кереги жок. Табигый көрүнүштү ачуу үчүн кирпикти тушь менен бир жолу гана сүйкөсө болот. Жеңил макиж үчүн ачык түстөгү тень менен сурманын (подводка) кереги жок. Эгер макияжга дагы бир нерсе кошкуңуз келсе көздүн астын ак карандаш менен боёсоңуз жетет.

Акыркы кадам - эрин. Ажарлуу макияжды жеңилдетүү үчүн эринге арналган майлар же болбосо жылтыраган помада колдонууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!