Кыздар үчүн пайдалуу кеңештер

Кыздар үчүн пайдалуу кеңештер
7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Сулуу, сымбатуу көрүнүү көп убакыт талап кылаарын ар бир кыз билет.

Бирок, жеңилүүгө дагы эрте. Себеби, биздин түрдүү "айла-амалдарыбыз" бар эмеспи. Андыктан, кыздар силерге арналган пайдалуу кеңештерге кезек берсек.

Косметиканы сакталуу мүнөтү көп учурда аны ачкан убакыттан баштап эсептелет. Унутуп калбаш үчүн тушуна колдоно баштаган күндү белгилеп коюуга болот.

Эгерде күтүүсүз жерден тырмагыңыз сынып калса, сизге жардамга чайдын пакети келет. Тырмагыңыз сынган учурда чайды демдеп жана ысык суудан чайды чыгарып, бир четин кесип алып тырмактын сынган жерине коёсуз. Бир нече мүнөттөн кийин үстүн түсүз лак менен бир ирээт боёп жиберүү керек.

Азыркы кезде күңүрт тартып (матовый) турган помадалар модага айланууда. Сиздин помадаңыз андай болбосо камсанабаңыз. Анын чечими бар. Эриниңизди боёгондон кийин помадаңызга өңү шайкеш келген румяна сүйкөө керек.

Тырмакты көптөгөн түстөр менен боёгондон кийин өчүргөндө ал өңдөр кетпей убарага салат. Ошондой учурда тырмакка лимон ширесин сүйкөп, фольга менен ороп таштаңыз. 10-15 мүнөттөн кийин чече берүүгө болот. Бул тырмагыңызды тазалап гана койбой, нымдаштыруучу ыкма.

Тырмагыңыздагы маникюр идеалдуу болушу үчүн, манжаларыңызга алгач бальзам же болбосо вазелин сүйкөп алыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!