Кара шоколад картаюну алдын алат

Кара шоколад картаюну алдын алат
10-Авг. 2017, Бейшемби

Калифорния университетинин окумуштуулары картайып бара жаткан келемиштерге изилдөө жүргүзүп, кара шоколаддын организмге жакшы таасир бергенин, картаюу процессинне каршы күрөшөөрүн аныкташкан. Бул тууларуу “Segodnya.ua” маалымдады.

Картайып бара жаткан келемиштерге шоколаддын курамындагы флавоноид эпикатехин деп аталган зат жакшы таасир берип, жашаруу процесси байкалган. Изилдөөчүлөр стресс азайып, нерв системасынан улам пайда болгон оорулардын азайгандыгын аныкташкан.

Окумуштуулар кара шоколаддын адамдын маанайын көтөрүп гана койбой, картаюуга каршы күрөшөөрүнө реалдуу кортунду чыгарып жатышат. Эркектерге да, аялдарга да ар дайым жеп турууларына кеңеш беришет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!