Кымыз бетти жагымдуу кылат

Кымыз бетти жагымдуу кылат
10-Авг. 2017, Бейшемби

Кыргыздыг улуттук суусундугу – кымыздын ден соолукка пайдасын айтпасак да белгилүү, ал эми терини күтүүдө да жагымдуу таасир берет. Адамдын организмин, терисин жашартуучу касиетке ээ болгондуктан, кымыздан чачка арналган маскалар жасалат. Ал эми Германияда кымыздан түрлүү атырлар менен самындарды өндүрүү иши өнүгүп келе жатат.

Бет терисин агартып, бырыштарды азайтуучу масканы ар ким үй шартында оңой жасаса болот. Ал үчүн негизги керектүү курам кымыз болот. Масканы жасоо үчүн 200 мл кымыз, петрушканын үч-төрт сабагы жана бадыраңдын жарымы керектелет. Жашыл петрушка менен бадыраңды блендерден өткөруп, кымыз менен аралаштырабыз. Аралашмадагы жашыл петрушка бетти жакшыртып, клеткаларды жаңыртат. Ал эми бадыраң нымдуулукту кармайт. Маска эртең менен жана кечинде жасалат. 20 мүнөт күтө туруп, артынан жылуу суу менен жууш керек. Үч күн сайын жасаган учурда масканын натыйжасын көрүүгө болот.

Кымыздын курамында 28 микроэлемент бар. Бул суусундук өзгөчө В, С витаминдерине бай. Ал эми аталган витаминдер бет терисинин клеткаларга байытып, картаюну алдын алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!