Кара майлуу самын

Кара майлуу самын
21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Кээ бир косметикалык буюмдар сулуу көрүнүүгө жол ачканы менен, аларды сатып алууга ар кимдин чөнтөгү көтөрө албайт. Бирок, косметикалык каражаттардан кем калбаган жана кол жетимдүү баа менен сатылган кара майлуу самын (дегтярное мыло) бар. Кара майлуу самынга деген кызыгуучулук кыз-келиндердин арасында өсүүдө.

Бул самындын 90 пайызы жөнөкөй самындан, ал эми 10 пайызы кайың кара майынан турат. Дарылык касиеттерге бай кайың карамайы псориаз, дерматит, сөөл жана башка ушул сыяктуу тери ооруларын алдын алып, бактерияларга каршы турат. Кайың кара майы теридеги жараларды алдын алып, жаракаттардын айыгуусуна жардам берип, терини күйүккө кабылганда да жардам берет. Беттеги кара тактар менен безеткилерден арылам десеңиз, күн сайын кара самын менен жуунуп туруңуз.

Кара самындын жыты жагымсыз болот. Жагымсыз жыт анын курамындагы табигый курамдагы бөлүктөрдүн басымдуу болуусунан улам келип чыгат. Жагымсыз жыттан кутулуу үчүн самынды ар дайым пайдаланып көнүп кетүү керек же болбосо самынды атайы идишке салып коюу керек. Кара самын менен күнүнө эки жолу колу бетти жууса тери жагымдуу болуп, азыктанат.

Кара майлуу самын тери ооруларын гана эмес, чачка да өтө пайдалуу. Какачтан арылууну кааласаңыз, чачыңызды аталган самын менен жууп туруңуз. Чачыңызды жууган кезде шампундабастан мурун кара майлуу самын менен жууп андан соң шампундаңыз. Кара майлуу самын чачты жылтыратып, анын ачакейленип, түшүүсүнө жол бербейт. Баш терисине пайдасын тийгизип, чачтын өсүүсүнө жардам берет.

Косметикалык самындарга караганда кара майлуу самын алда кайда жакшы. Анын курамында химиялык заттар болбойт. Баасы да кол жетимдүү.

Кара майлуу самындан эч качан адам аллергия болбойт. Бул самын ар бир тери түрүнө жагат!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!