Сулуулуктун жөнөкөй 7 сыры

Сулуулуктун жөнөкөй 7 сыры
21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Күндөлүк өмүрдө жумуш иштөөдө канчалаган иш таасирлерин жүзөгө ашырабыз. Бирок аларга көп маани бере бербейбиз. Ал эми аялдар коому үчүн кандай гана иште болбосун пайдалуу, натыйжа берүүчү ыкмалар маанилүү. Ошондуктан сиздерге ошол ыкмаларды сунуштамакчыбыз.

1. Тамак ичүүчү кашык көздүн астына түшүп калчу тушь издеринен коргой алат. Кирпикке тушь сүйкөрдөн мурда кашыкты көздүн төмөнкү жагына кармап турсаңыз болот.

2. Көзүңүз шишип турса аарчылган кортошканы алып, ортосунан экиге бөлүп, 10 мүнөт көзүңүзгө басыңыз. Көздүн шишигени тарап, өң кирип калганын байкайсыз.

3. Азыркы кезде бетке жасалуучу масканын канча түрү бар. Бирок айрандан жасалган масканыны бир жасап көрсөңүз, териңизге андан артык күтүүнүн кажети жок экенин байкайсыз. Аны даярдоо үчүн, эки кашык айран, бир аш кашык бал жана жумуртканын сарысы кажет. Аталган каражаттарды жакшылап аралаштыргандан кийин таза бетке 18-20 мүнөткө сүйкөп коюу керек. Андан соң бетти муздак суу менен чайкайсыз. Айран маскасы бетти жакшы тазалап, коргойт жана терини жакшы тынчтандырат. Тери күтүмүнө арналган кымбат маскаларадан кем калбайт.

4. Кофенин коюу калдыгы целлюлитке жардам бре алат. Аны денеге арналган скрабтын ордуна колдонсоңуз, денедеги одур-бодур болуп турган бөлүктөрдөн арылганыңызды байкасыз.


5. Чачты ачык түскө боё үчүн, кымбат жана зыяндуу боёкторду колдонуу кажет болот. Ал үчүн ромашканы кайнатып, сүзүп алып пайдалансаңыз жетиштүү. Аны менен чачыңызды чайкаңыз, же болбосо мезгил-мезгили менен жөн гана сүйкөп турсаңыз да чачтын түсү бир аз ачык өң бере баштайт.


6. Муздак суу тырмакка сүйкөлгөн лакты тез кургатууга жардам берет. Ал үчүн идишке муздак суу куюп, ага бир нече муз салыңыз. Ушул сууга тырмакты эки мүнөттөй кармайсыз. Бирок сууга колду эмес, боёлгон тырмакты гана салыңыз. Суу канчалык муздак болсо, лак ошончолук тез кургайт.

7. Жайдын күнү адам тердеп, бир аз кыйынчылыктарга кабылаары белгилүү. Терчилдиктен арылуунун бир ыкмасы – жалбыз (мята) кошулган ваннага түшүү. Жалбызга, ошондой эле шалфей, ромашка кошууга да болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!